НАРЫН ШААРЫНЫН БИРИНЧИ ВИЦЕ-МЭРИ ДАЙЫНДАЛДЫ.

Бүгүн, 28-апрелде Нарын шаарынын биринчи вице-меринин кызмат ордуна Курманов Давид Үсɵнбекович дайындалып, кызматтык милдетине киришти.

Эске салсак, шаардын мурдагы биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров Ѳкмɵттүн буйругу менен Ак-Талаа районуна аким болуп дайындалгандан бери бул кызмат орду бош турган.

Кечээ, 27-апрелде Нарын шаардык Кеӊешинин 4-чакырылыштагы 15-кезектеги сессиясында бул маселе каралып, депутаттардын кɵпчүлүгүнүн добушу менен Давид Курмановдун кызматка дайындалышына макулдук берилген.

Белгилей кетсек, «Биримдик» кɵпчүлүк коалициясы тарабынан шаардын биринчи вице-мэрлигине Улан Жаанбаев менен  Давид Курмановдун талапкерлиги сунушталган. Сессияга 31 депутаттын 28и катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Улан Жаанбаев 9, Давид Курманов 19 добушка ээ болгон.

2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵгү №101-Мыйзамынын,  Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы №329-токтому менен бекитилген муниципалдык кызматттын айрым административдик кызмат орундарына ɵзгɵчɵ тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелеринин, ошондой эле  Нарын шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги 4-чакырылыштагы 15-кезектеги сессиясынын 8-токтомун негизинде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бүгүн Давид Курмановду Нарын шаарынын биринчи вице-мэри кызмат ордуна дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

Коомчулуктун, мекеме-ишканалардын ɵкүлдɵрүн буйрук менен тааныштырган шаар мэри Эмилбек Алымкулов  биринчи вице-мэрдин эл алдындагы милдети ɵтɵ оор жана жооптуу экендигин баса белгилеп, Давид Курмановдун бул милдетти тартып кете алаарына ишенээрин билдирип, ийгилик каалады.

Иш чарада Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов жана бир катар депутаттар, мекеме-жетекчилери ушундай эле каалоо-тилектерин билдиришти.

Нарын шаарынын бириничи вице-мэри кызматына киришкен Курманов Давид Үсɵнбекович 1981-жылдын 1-июлунда Нарын шаарында тɵрɵлгɵн. 2011-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-куруучу адистигин аяктаган. Эмгек жолунда «Бейшенаалы» ачык акционердик коомунда директор, Нарын шаарындагы Жашылдандыруу мекемесинде жетекчи болуп эмгектенген. Шаардык Кеӊештин эки жолку чакырылышында депутат болуп шайланган. Үй-бүлɵлүү, 4 баланын атасы.

IMG_9480_result

 

IMG_9462_result IMG_9467_result IMG_9473_result

Share

Добавить комментарий