НАРЫН ШААРЫНЫН БИРИНЧИ ВИЦЕ-МЭРЛИГИНЕ Н.МОЛДОКАДЫРОВ ДАЙЫНДАЛДЫ

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болуп Молдокадыров Нурбек Асыранкулович дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 17-апрелде шаар мэри  Э.Алымкулов кол койду жана кеңейтилген аппараттык жыйында Н.Молдокадыровду мэриянын аппаратына жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине тааныштырды.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов 2017-жылдын 12-апрелинде шаардык Кеңешке  Нарын шаарынын биринчи вице-мэри кызмат ордуна Н.Молдокадыровду дайындоого макулдук берүү боюнча кайрылган.

Аталган кызмат орунга шаардык Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан Н.А.Молдокадыровдун жана “Ѳнүгүү-Прогресс” фракциясынан К.Иманкуловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Сунуш кат шаардык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибине жалпы депутаттардын талкуусуна коюлуп,  эки талапкерден Н.Молдокадыровдун иш тажрыйбасы туура келгендиктен,  КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Нарын шаарынын 1-вице-мэри кызмат ордуна Н.А. Молдокадыровду дайындоого макулдук берилген.

Жыйындын жүрүшүндө шаар жетекчилиги жаңы дайындалган 1-вице-мэрге мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, шаар үчүн алгылыктуу иш алып барат деген тилектерин билдиришти.

Ал эми Н.Молдокадыров 1977-жылы 17 — августта туулган,  буга чейин  шаардык Кенештин эки жолку депутаты, 2009-2012-жж. Нарын шаарынын 1-вице-мэри жана башка көптөгөн эл аралык уюмдарда эмгектенип келген.

IMG_6213 IMG_6214 IMG_6216 IMG_6225 IMG_6233 IMG_6234 IMG_6236 IMG_6244 IMG_6247 IMG_6250

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий