Нарын шаарынын борбордук базарына келген автоунаалар үчүн атайын токтоочу жай уюштурулат

Нарын шаарынын борбордук базарына тынымсыз каттаган таксилер жана автоунаалар тыгындарды пайда кылып келүүдө. Маселе боюнча шаар мэри Э.Алымкулов өзүнүн суроо талабын коюп, 28-март күнү, базардын ээлери жана соодагерлер менен болгон өткөн жолугушууда базардын тегерегиндеги башаламандык каттамдарды азайтууну сунуш кылды.

“Ѳзгөчө айылдык таксилерди жөнгө салуу үчүн атайын алар токтой турган жер чечилип берилет, жол кесилиштерине жана жол боюна токтоого мындан ары тыюу салынат, мындай өзгөрүүлөр жөө адамдардын жана автоунаалардын каттамдарын ыңгайлаштыруу максатында жүргүзүлөт” деди мэр жыйында.

Мындан сырткары базарга жүк түшүрүүгө келген оор жүк ташуучу транспорттор үчүн дагы чектөө киргизилерин билдирип, күндүзгү убакта жол тыгынды жаратпоо үчүн, базардын аймагына кирүү үчүн аларга атайын бир убакыт саат белгилене тургандыгын айтты.

“Ушундай тартипке келтирген соң шаар тургундары, соодагерлер бизди колдоп турса, кийинки пландарыбызды аткарууга чон өбөлгө түзүлөт. Шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, инфраструктураны өнүктүрүү, арыктарды калыбына келтирүү багытында бизде көп пландар бар” деп билдирди шаар мэри жыйынды аяктап жатып.

Ошондой эле Нарын шаардык мамлекеттик салык кызматынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, жол көзөмөлдөө кызматынын, муниципалдык менчик департаменинин жетекчилерине базарды жана тыгындарды ирээтке келтирүү иштерине өзүлөрүнүн компетенцияларына жараша иш алып баруу жагын тапшырды.

IMG_5529 IMG_5532 IMG_5528 IMG_5533 IMG_5537 IMG_5536

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий