Нарын шаарынын городок аймагындагы бассейндин ачылышы

Бүгүн 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндɵ Нарын шаарынын городок аймагындагы коомдук мончонун имаратына улай курулган бассейндин ачылыш аземи болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ага КР ЖКнин депутаттары Ч.Турсунбеков, А.Кутушев, Н.Касымбеков,  А.Баатырбеков, Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, спортчулар, массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү, курулушчулар катышышты.

Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар элин сергек, дени сак жашоого үндɵɵ максатында, бассейн салуу планы Нарын шаарынын «Жол картасына» киргизилип, бүгүнкү күндɵ эс алууга бардык ыӊгайлуу шарттары түзүлгɵн бассейн толугу менен бүткɵрүлүп, ишке берилип жатат.

2014-жылы октябрь айында бассейндин капсуласы КР ЖКнин депутаттары Ч.Турсунбековдун жана Д.Ниязалиеванын катышуусунда салынып, анын курулуш иштери тендерден утуп чыккан «Арт Мега Строй» фирмасы тарабынан жүргүзүлүп, жылуулук берүү бирикмесинин финансылык каржылоосу менен 13 млн. 895 мин сомго курулуп бүткɵрүлдү.

Белгилей кетсек, бассейн туркиялык технологияны колдонуу менен курулуп, заманбап стилде жасалгаланды, анда сууну бир эле убакта жаңыртып, тазалап жана жылытууга мүмкүнчүлүгү жетет. Бассейндин узундугу 25 метр, тереңдиги 120-180 см түзɵт.

Мындан сырткары, душ кабинасы, эс алуучу жана кийинип-чечине турган жайлары сатына 40 адамды кабыл алуусуна ылайыкташтырылган.

Учурда бассейнде сууга сүзүүчүлɵрдү үйрɵтүүчү инструктор, коопсуздукту сактоочу куткаруу кызматы жана техникалык тейлɵɵчү кызматкерлер иш алып барышууда.

Ал эми бүгүн майрамда бассейнге түшүү балдар үчүн бекер болмокчу.

IMG_2451 IMG_2444 IMG_2441 IMG_2429 IMG_2424 IMG_2423 IMG_2416 IMG_2415 IMG_2396 IMG_2395 IMG_2391 IMG_2384

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий