Нарын шаарынын городок аймагына сейил бак уюштурулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Мындай чечим Нарын шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынып, бүгүн 12-май күнү, кезектеги ишембиликтин алкагында сейил бак боло турган 1,5 га жер аянтына бак-дарактардын түрлөрү отургузулду.
Шаарыбызды жашылдандыруу иштерине шаар мэри Э.Алымкулов, шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышышты.
Экология фонду жана Нарын облустук токой чарба башкармалыгы көчөттөрдү Ат-башы, Нарын, Жумгал райондорунан алдыртып келген. Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, туя, көк карагай, терек-талдардын түрлөрү болуп 350 түп көчөттөр аталган жерге отургузулду.
Буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 700 миң сомго аянт жердин коругу тосулуп, куурап калган бак-дарактардан арылтуу, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан аркы жумуштар сейил бактын долбоорунун негизинде аллеяларды жаткыруу, брусчаткаларды төшөө, отургучтарды, түнкү жарык орнотуу иштерине багытталат. Сейил бакты толугу менен ишке берүү үчүн дагы 2 млн.сомдой ачка каражаты талап кылынат.
Ал эми шаар башчысы Э.Алымкулов, сейил бакты жасалгалоо иштери күзгө чейин улантылып, шаар тургундары, өзгөчө жаштар эс ала турган жайды жашыл, көрктүү зонага айлантууга шарттар түзүлөөрүн билдирди.
Мындан сырткары паркка жаратылышты сүйүү, кантип ага камкордук көрүү жана коргоо керек экендиги боюнча стендтер орнотулат.