Бүгүн, 12-январда Нарын шаарына дагы 100 тонна көмүр ташылып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Нарын шаардык мэриясы жана жеке ишкер Б.Аттокуров менен түзүлгөн келишимдин негизинде, шаарга дагы 100 тонна көмүр тартылып келип, “Жаңы-Жол” аймагында уюшулган кампага түшүрүлүп, тоннасы 3 миң сомдон сатылууда.
Ал эми көмүр тартып келген унаалар “Кара-Кече” көмүр кенине көмүр-отунун жүктөп келүү үчүн жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, кечээ 11-январда 150 тонна көмүр-отуну шаардын борбордук базарындагы кампага тушүрүлүп, сатылып жатат.