Нарын шаарынын Жаӊы-Жол аймагынын көп кабаттуу үйлөрүн таза суу менен камсыз кылуучу суу түтүктөрү алмаштырылууда.
Нарын шаарынын Ленин көчөсүндɵгү №190, 121 жана 123 көп кабаттуу үйлөрдөгү 3-4 кабатта жашаган тургундарды суу басымы тɵмɵндɵп калганы боюнча кайрылышкан.
Нарын суу-канал ишканасы суу басымы нормага ыйлайык келбегенин, суу түтүктɵрү сынып, ичи толуп калгандыгын аныкташып, таза суунун түтүктөрүн жаӊыртышууда. Эми таза сапаттуу суу менен болжолдуу 3 миӊге чукул жашоочу камсыз болушат.