Нарын шаарынын калкын коммуналдык – тиричилик жактан тейлөөгө кошкон жигердүү эмгеги үчүн кызматкерлер сыйланды

Нарын шаарында тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди. Кызматкерлерди кесиптик майрамы менен шаар мэри Э.Алымкулов куттуктап, шаарды тазалоо, жашылдандандыруу-көрктөндүрүү иштерин алып барып, элди таза ичүүчү суу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылып жаткан майрам ээлерине мындан аркы иштерине албан ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалап, аркалап жаткан кесиптери өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү экендигин белгиледи.

“Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасынан гана шаарыбыз көрккө келип, таза шаарга айланып келет. Бул  үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиремин”,- деди шаар  башчысы.

Ошондой эле Нарын шаарынын калкын коммуналдык – тиричилик жактан тейлөөгө кошкон жигердүү салымдары үчүн жана майрамдын урматына карата айрым кызматкерлерге Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары  жана акчалай сыйлыктар  тапшырылды.

Жыйынга “Таза-Нарын”, шаардык жашылдандыруу, суу канал, жылуулук берүү ишканаларынын кызматкерлери катышышты. Нарын шаарында аталган тармакта 400 гө чукул кызматкерлер эмгектенет.

IMG_5425 IMG_5431 IMG_5434 IMG_5438 IMG_5443 IMG_5444 IMG_5445 IMG_5446

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий