Нарын шаарынын күнүнүн алкагында 2014-2017-жылдарга Ѳнүктүрүү Жол картасынын жыйынтыктары боюнча облустук семинар кичи футбол аянтынын кызыл тасмасын кесүү аземи менен башталды.
Футбол аянтча жеке ишкер Нурбек Токтосунов тарабынан 2 млн. 500 миң сомго салынып, майрам күнү пайдаланууга берилди.
2014-2017-жылдарга Ѳнүктүрүү Жол картасынын жыйынтыктары боюнча облустук семинарга КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун мүчөлөрү, облус жетекчилери, Нарын облусунун райондорунун айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары чакырылган.