Нарын шаарынын Москва аймагында муз аянтча ачылды

Бүгүн, 13-январда Нарын шаарынын Москва аймагында муз аянтынын ачылышы болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет. Быйылкы жылдан айырмаланып мындай чакан муз аянтчаларын уюштуруу мектептер тарабынан да колго алынып, алгачкылардан болуп №7 М.Сыдыков орто мектеби саамалык жасады.

Муз аянтынын ачылышына КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова, Нарын шаардык мэриясынын ɵкүлдɵрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аталган аймактын жашоочулары, мектеп жамааты, окуучулар, ата-энелери менен катышышты.

Сɵз сүйлɵгɵн ɵкүлдүн орун басары Ч.Абдраимакунова, муз аянтчанын уюштурулушу  учурда кышкы эс алууда жүргɵн мектеп окуучулардын убактысын туура пайдаланууга, аларды сергек жашоого тарбиялоого жана үндɵɵгɵ ɵбɵлгɵ түзɵɵрүн белгиледи.

Ошондой эле Москва аймагынын жашоочулары да бул жакка келип коньки тээп, балдарын ойнотуп кетип турганга шарт түзүлгɵнүнɵ ыраазычылыгын билдиришти. Иш чаранын уюштуруучулары тарабынан муз аянтына келгендерге таза абада ысык чай берилди.

Ал эми шаардын калган мектептеринде да суу тоӊдуруп муз аянттарын жасоого аракеттер кɵрүлүүдɵ. Белгилей кетсек, шаардын борбордук «Ала-Тоо» стадионундагы муз аянтка күнүнɵ миӊге чукул коньки тебүүнү жактырган нарындыктар барып эс алып кетишүүдɵ. 

IMG_9250 IMG_9252 IMG_9253 IMG_9254 IMG_9258 IMG_9272 IMG_9278 IMG_9280

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий