Нарын шаарынын Москва аймагында пескоблок жана брусчатка чыгаруучу цех ачылды

Бүгүн 11-июнда Нарын шаарында муниципалдык пескоблок жана брусчатка чыгаруучу цехтин ачылышы болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ага Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, шаардын депутаттары жана коомчулук катышышты.

2013-жылы АРИС тарабынан Ленин кɵчɵсүндɵгү тротуардын 1128 метр квадрат жерине брусчатка тɵшɵлүп, каражаттын жоктугунан токтоп калган.

Брусчатка жана пескоблокко болгон баа күндɵн күнгɵ ɵсүп, кымбаттап жаткандыктан, Нарын шаардык мэриясы жана Кеӊеши брусчатка жана пескоблок чыгаруучу жабдууларды сатып алуу демилгеси менен чыгып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2014-жылдын аягында 980,0 миӊ сомго шаардык «Таза-Нарын» ишканасына курулуш материалдарды чыгаруучу жабдуулар Кытайдан алынып келинген.

Жабдуулар шаардын Москва аймагынан бɵлүнүп берилген жерге орнотулуп. Брусчатка шаардын керектүү жерлерин брусчаткалоо жумуштарына пайдаланылып, сатыкка да чыгаруу жагы пландаштырылууда.

Мында 12 адам жумушчу орун менен камсыз болуп, брусчатканын 5 жана пескоблоктун 2 түрү чыгарылат.

Белгилей кетсек, жогорудагы жүргүзүлɵ турган иш аракеттер 2014-2017-жылдары Нарын шаарын ɵнүктүрүүнүн «Жол картасына» кирген долбоорлордун бири.

IMG_2716 IMG_2714IMG_2701 IMG_2669 IMG_2664 IMG_2652 IMG_2648 IMG_2644

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий