НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ» АТАЛДЫ.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын инфраструктурасын жакшырткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий «Эркин Тоо» гезити тарабынан жарыяланган «2018-жылдын мыктылары» кароо-сынагында мыктылардын катарын толуктады.

Бул сыйлык жаӊы жылдын алдында Бишкек шаарында «Эркин Тоо» гезитинин редакциясы тарабынан уюштурулган аземде тапшырылды.

Шаар жетекчисинин эмгегин баалаган мамлекеттик гезиттин жамаатына тереӊ ыраазылык билдирип, Эмил Абдыраимовичтин сыйлыгы кут болсун демекчибиз!

Share

Добавить комментарий