НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ КАНБОЛОТ ТУТУЕВ ИЧКИ ЖОЛДОРДУ КӨРҮП ЧЫГЫП БИР КАТАРЫН ОҢДОО ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

Шаар башчысы тийиштүү жетекчилер менен бирге Нарын шаарынын ички жолдорун кыдырып көйгөйлөр менен таанышты.

Ошол эле учурда Чон Нарын каналындагы көпүрлөрдү да көрүп, оңдоого муктаждарынын маселесин чечүүнүн үстүндө иш алып барууну тийиштүү ишкана башчыларына тапшырып, жазгы тазалоо, оңдоо ирээтке келтирүү жумуштарын жандантууну тапшырды.

Борбордук Ленин көчөсүндөгү тыгындарды азайтуу максатында Сагымбай Орозбаков көчөсүн Жаны жол аймагына чейин узартуу пландалып жаткандыгын маалымдаган К. Тутуев тийиштүү жетекчилерге жашылдандыруу иштерине конул бурууну тапшырды.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий