НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ К. ТУТУЕВ СЕЛ АЛГАН КӨЧӨЛӨРДҮ КӨРҮП, КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

13-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам РТС чөлкөмүнөн Жетиген, Ак Шоола, Ак Тилек, Ак Жол, А Сулайманов, Кариев, Молдоев, Сүрөт Булак, Мазар Булак. МСО аймагынан Орозбак, Шадыманов, Таалай көчөлөрү, Көтөрмө чөлкөмүнөн Бактыгул көч, Айша мечитин, Москва чөлкөмүнөн бир көп кабаттуу үйдүн астын сел каптаган
Жалпы 59 турак жай селден жабыркады, баардыгы камсыздандырылган эмес. Жалпы чыгым 1 млн 29 мин сомду түзгөн.
Бүгүнкү күндө каналдар тазаланып, жолдор калыбына келтирилип жатат.
Жүрүп жаткан жумуштарды шаар жетекчиси жеринде көрүп, сел агымдарын алдын алуу жумуштарын жакшыртууну тапшырып, турак жай жана мекемелерди мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин уюштуруп, тийиштүү апакеттерди көрүүнү тапшырды.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий