НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Н.МОЛДОКАДЫРОВДУН НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА КУТТУКТООСУ

Урматтуу, сүйүктүү шаарыбыздын тургундары жана меймандары! Ынтымактын, молчулуктун нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кылымдарды карытып келе жаткан нооруздун өзүнө таандык маани-маңызы, баалуулуктары бар. Жаз менен кошо келген ноорузда , жер жарылып, көк чыгып табият ойгонот. Нооруз руханий кайра жаралуунун, жаңылануунун, жакшы тилектердин майрамы.
Жаңы күн башталышы катары араздашууларды токтотуп, ынтымак, достук менен бирге жазгы эмгек башталп, алдыга аруу максаттарды коюу менен Теңир тообуздун борбору болгон шаарыбызды өнүктүрүү аракетин көрүп, долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Мына бүгүн дагы жаратылыштын жандануусу менен айлана чөйрөнү тазалап, көрктөндүрүү иштери башталды. Максаттуу умтулуулар менен жаңы көчөттөр тигилип, жаңы максаттарды ишке ашыруу милдеттери турат.
Өзүнүн кайталангыс көркөмдүгү жана терең маңызы бар, ынтымактын молчулуктун майрамында ак эмгек жумшап, эгин эгип, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, түшүмүбүз мол болуп , токчулук болсо деген асыл тилектерди бүгүн да чогуу тилеп турабыз.
Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын!
Нооруз-жалпы элдик майрамыбыз кут болсун !
Сиздерди терең уурматоо менен мэр Нурбек Молдокадыров
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий