НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Н.МОЛДОКАДЫРОВ ШААРДЫК МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАРЫНЫН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТТОРУНА КАТЫША БАШТАДЫ

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана вице-мэри Салтанат Эсенаманова шаардык мекеме-ишканаларынын жылдык отчетторуна катыша баштады. Алардын бири бүгүн, 13-январда Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде болуп өттү.

Ага шаарыбыздагы маданият бөлүмү, китепкана кызматкерлери, искусство мектебинин жамааты, спорт бөлүмү жана спорт мектептеринин мугалимдери катышып, жыл жыйынтыгы боюнча мекеме жетекчилери бир жыл ичинде жасалган иштери жөнүндө отчет беришти.

Шаар башчысы Н.Молдокадыров аталган мекемелердин жетекчилерине кетирилген каталары үчүн эскертүүлөрдү берип, жыл сайын кайталанган отчеттордон качып, жаңыча форматка тагыраагы видеоролик же слайдшоу менен отчет берүүлөрүн сунуштады.

Ар бир мекеме-ишканага бөлүнгөн бюджетти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу менен жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, аталган тармактарда ийгиликтерди жаратуусун каалады. Ж.о.э. 2020-жылы ар бир мекеме-ишкана өзүнүн жылдык пландарын тыкыр көзөмөлдөп, ар бири шаар башчысынын маакулдугу менен бекитилүүсүн тапшырды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Share

Mairambek

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий