Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин эл менен жолугушуусу РТС аймагынан башталды

Кечээ 31-мартта,  Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдиновичтин шаардын эли менен жолугушуусу РТС аймагынан башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Эл менен жолугушуу аталган аймактагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин имаратында ɵткɵрүлдү.

Бул аймактын жашоочулары мектепте спорт зал жоктугун айтышып, кышкы мезгилде дене тарбия сабактарын ɵтүүдɵ кыйынчылыктар жаралып келээрин, типтүү балдар бакчасынын жетишсиздиги кɵп жылдардан бери келе жаткан кɵйгɵй экендигин билдиришти.

Ошондой эле аймак эли учурда жугуштуу оорулардын арбын болуп жаткандыгына байланыштуу, окуучуларды тез-тез профилактикалык кароодон ɵткɵрүп туруу жагын сунушташты.

Мындан сырткары, ички кɵчɵлɵргɵ шагыл тɵктүрүү, электр зым теректерди орнотуу, аймакка тротуар жаткыруу, суунун басымынын аздыгы жана башка кɵйгɵлɵр боюнча суроолору менен кайрылышты. Шаар башчылары жана тиешелүү мекеме жетекчилери, кызматкерлери тарабынан ар бир суроого жооп берилип жатты.

Жыйындын соӊунда мэр, мал баккан жашоочулар кɵбүн эсе ушул аймакта жашаарын белгилеп, ошол эле малдар таштанды салган контейнерлерди чачып кɵчɵдɵ жана сейил бактарда жүрүүсүнɵ мал ээлери кайдыгер мамиле жасап жатканын айтып, аларды шаарды ирээтке келтирүү, тазалоо боюнча жүрүп жаткан эки айлык ишембиликке активдүү катышып берүүсүнɵ чакырды.

Белгилей кетсек, учурда РТС аймагында үйлɵргɵ суу киргизип кɵмгɵндɵн кийинки калып калган майда дɵӊчɵлɵрдү техникалар аркылуу таптоо жана таштарды тазалоо иштери «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан жана жергиликтүү жашоочулардын жардамы менен жүргүзүлүүдɵ.

IMG_5279IMG_5286 IMG_5288 IMG_5289

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий