Бүгүн Нарын шаарынын мэри Р.Адиев согуштун жана ооруктун ардагерлеринин үйүндɵ болду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Учурда Нарын шаарында тɵрт согуштун катышуучусу жана сегиз тылда эмгектен ардагерлер бар.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Надырбеков Акматбек жана ооруктун эмгекчиси Мамбетова Күлбүбү апа эртеӊки боло турган Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган иш чараларга ден соолугуна байланыштуу катыша албай тургандыгына байланыштуу, шаар мэри аларды алдын ала маараке менен үйлɵрүнɵн куттуктады.
9-май майрамын жылыга жаӊы күч кубат менен тосууга үмүттɵнгɵн ардагерлер кубанычын жашыра албай, баргандарга согуш убагын маалымдап берип, алар кɵргɵн апаатты кайталанбасын деп тилегин билдиришти.
Белгилей кетсек, юбилейге карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен тɵрт ардагерге 5 миӊ сомдон, ал эми ооруктун эмгекчилерине 3 миӊ сомдон материалдык колдоо кɵрсɵтүлүүдɵ. Мындан сырткары аксакал аталарыбызга ак калпак, ак саамай апаларыбызга ак жоолук ыроолонуп, мэрдин атынан куттуктоо кат берилди.