НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СѲЗ КҮНҮНѲ КАРАТА КУТТУКТООСУ:

«Урматтуу журналисттер! Сиздерди 7-ноябрь-Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сɵз күнү менен чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм!

Бүгүнкү ар тараптан ɵнүккɵн коомубузду маалымат булактарысыз жана маалыматтын ээси болгон журналисттерсиз элестетүү кыйын. Ѳлкɵбүздɵ болуп жаткан бардык окуялар, иш чаралар Сиздердин түйшүктүү эмгегиӊиздер, кɵз май, акыл-жɵндɵмүӊүздɵр жана кыл калемиӊиздер аркылуу элге жетип, коомдук пикир жаралат. Журналисттик кесиптин татаалдыгы, жоопкерчилиги, кооптуулугу, сыймыгы мына ушунда.

«Журналистика-бардык илимдердин синтези» деп айтылгандай, бул кесип сиздерден бардык тармактар боюнча кенен ой ɵрүшүн, тереӊ билимди, сабаттуулукту, ыкчамдыкты, обьективдүүлүктү, тактыкты, калыстыкты, принципиалдуулукту, бийик адамкерчиликти талап кылат.

Ошол себептен сиздер коомдогу кɵйгɵйлүү маселелердин чечилишине, эл мүдɵɵсүнүн орундалышына, акыйкаттыктын болушуна түрткү берип, мамлекеттин саясатын калктын калыӊ катмарына жеткирүүдɵ кɵпүрɵ болуп, ɵлкɵбүздүн, шаарыбыздын ɵнүгүшүнɵ зор салым кошуп келесиздер!

Ушундай жооптуу, түйшүктүү, бир чети сыймыктуу кесипти аркалап жүргɵн бардык кесип ээлерине чыӊ ден соолук, узун ɵмүр, бакубат жашоо, жооптуу ишиӊиздердеги чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Кара кылды как жарган калыстыктан тайбай, кесип жүгүн татыктуу аркалай берүүӊүздɵргɵ тилектешмин!»

Share

Добавить комментарий