НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ:

«Урматтуу Кыргызстандын, анын ичиндеги касиеттүү Теӊир Тоонун, Нарын шаарынын кутман эли!

Сиздерди босогобузга кирип келген Жаӊы жылыӊыздар менен чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм!

Жаӊы жыл улуу-кичүүгɵ бирдей кубаныч тартуулаган аруу тилектердин, жаркын үмүт, кыялдардын майрамы.

Ѳтүп бара жаткан 2018-жыл Нарын шаары үчүн тарыхый кɵз ирмемдерге бай, ɵзгɵчɵ жылдардан болду десем жаӊылышпайм. Жыл ичинде Президентибиз жарыялаган «Региондорду ɵнүктүрүү жылынын» жана шаарыбыздын 150 жылдык мааракесинин алкагында бир катар социалдык, экономикалык, инфтратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыра алдык. Нарын шаарынын Башкы планын түзүү жумуштары башталды. Шаарда кɵп кабаттуу кызматтык турак-үйлɵр, заманбап спорт комплекси жана бир катар сейил бактар пайдаланууга берилди. Жолдор оӊдолду. Шаардын кɵчɵлɵрүнɵ заманбап түнкү чырактар коюлду. Жеке ишкерлер тарабынан 14 чакан ишкана ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Нарын шаарынын 150 жылдык тарыхын камтыган тарыхый китеп жарыкка чыгып, документалдуу фильм тартылды. Эӊ негизгиси эл ичинде тынчтык, аманчылык болуп, алдыга карай ɵнүгүүгɵ кадам койдук.

Шаарыбызда жасалган жумуштар, жетишилген ийгиликтер мамлекеттин, коомдук уюмдардын, шаардык мекеме-ишканалардын, жалпы элдин колдоосу, ынтымагы, шаарыбыздын келечегине болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен жүзɵгɵ ашкандыгын баса белгилеп, бардыгыӊыздарга тереӊ ыраазылык билдирип кетмекчимин!

Келе жаткан жаӊы жылыбыз эл-жерибизге акжолтой болуп, дагы кɵптɵгɵн ийгиликтерди алып келсин! Ар бир үйдɵ аманчылык, ден соолук, токчулук, молчулук, ынтымак болуп, жүрɵгүбүздɵгү асыл максат, аруу тилектерибиз орундалсын! Жаӊы жылыбыз ар бириӊиздерге жаӊы бакыт, кубаныч, сүйүү, байлык, ыйман, ырыскы тартууласын!»

Share

Добавить комментарий