НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

«УРМАТТУУ АСЫЛЗААДА АЙЫМДАР!

Сиздерди жаздын, жаӊылануунун жарчысы болгон 8-март Эл аралык майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!!!

Айымдар бар үчүн адамзатынын тирүүлүгү уланып, жашоосу аруулук, сулуулук, назиктик, мээримдүүлүк сыяктуу кɵркɵм боектор менен шɵкɵттɵлүп келет.

Аялзаты-мээрман эне, ысык-суугуӊду теӊ бɵлүшкɵн сүйүктүү жар, алпейим эже, жеӊе, карындаштар жана аймончок кыздарыбыз.

Жашоодо энелердикине теӊдеш мээрим жок. Андыктан сɵзүмдүн башында бардык апаларга тереӊ таазим кылам.

Ѳмүрдүн башаты, коломтонун куту болгон аялзаты үй-бүлɵдɵ гана эмес мамлекеттик жана коомдук иште да эбегейсиз зор күчкɵ ээ.

Кыргыз элинин бай тарыхында Чыйырды, Каныкей, Айчүрɵк, Кыз Сайкал, Жаӊыл мырза, Курманжан Датка сыяктуу апаларыбыз кыргыз аялынын образын жаратып койгону белгилүү. Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолордо да айымдарыбыздын кɵтɵрүмдүүлүгү, сабырдуулугу, чыдамкай эрки, коомго кошкон салымы менен мамлекетибизде стабилдүүлүк болуп, ɵлкɵбүз ɵнүгүү кадамына түшкɵнү талашсыз.

Бүгүнкү күндɵ кайсы тармакты албайлы айымдарыбыз ɵздɵрүнүн ишке болгон бийик жоопкерчилиги, чыныгы кесипкɵйлүгү менен коомубуздун ɵнүгүшүнɵ дагы да болсо салымдарын кошуп жатышат. Алардын арасында Сиздердин да татыктуу ордуӊуздар бар.

Андыктан жаз менен бирге келген Эл аралык майрамыӊыздар кут болуп, жашооӊуздарды ийгиликтер коштосун!

Жүзүӊүздɵрдɵн ар дайым аялзатына таандык бактылуулуктун нуру тɵгүлүп, ажарыӊыздар майрамдагыдай жаркып, үй-бүлɵӊүздɵр, эл-журтуӊуздар менен эсен болуӊуздар!»

Share

Добавить комментарий