НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

«Баарыӊыздарды жаӊылануунун, жакшылыктын жышаанын алып келген Улуу Нооруз майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Нооруз-күн менен түн теӊелип, жер бетинде тиричилик жанданган Жаӊы күн.

Ата-бабаларыбыз байыртан эле жер жарылып чɵп чыккан, желин айрылып сүт чыккан ушул мезгилди ар жылы күтүнүп тосуп алып, жаздын келишин, чɵптүн чыгышын, булак кɵзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Адамдар эртеби-кечпи жарык-караӊгыны, жылуулук-суукту, ал эми тирүүчүлүк бардык жамандыктарды жеӊет деген ишенимдерин Ноорузга байланыштырган. Ошондуктан Нооруз аманчылыктын, токчулуктун, ырыскынын, мол түшүмдүн майрамы катары белгиленип келген.

Бул күнү эл-журттун, мал-жандын аманчылыгын, кырсыктан сырткары болуусун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Ушул күнү жер бетине алгачкы бороз салынып, үрɵн себилген. Таӊ аткыча аруу тилектер менен сүмɵлɵк кайнатылып, ар бир үй-бүлɵнүн дасторкону улуттук тамак-ашка толтурулган. Эски таарынычтар унутулуп, табият менен кошо адамдардын жан дүйнɵсү жаӊыланган.

Бабаларыбыздын ошол улуу салтын улап, кыргыз эли башка Чыгыш элдери сыяктуу эле бүгүн да Нооруз майрамын чоӊ үмүт, аруу тилек менен тосуп алып, жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат.

Кыргыз эли тээ байыртан барктап-баалап, ыйык туткан Улуу Нооруз майрамы дагы миӊдеген кылымдар бою маданий жаӊылануунун, байыркы мурастарды сактоонун майрамы катары белгилене берээринде шек жок.

Ушул улуу майрамыӊыздар менен баарыӊыздарды куттуктап, жаз айы менен келген Улустун улуу күнү жалаӊ жакшылыктарды, жаӊы ийгиликтерди, бак-таалай, ырыскы-дɵɵлɵттү алып келүүсүнɵ тилектештигимди билдирем.

Быйылкы жыл, ɵзүӊүздɵр билгендей, Президентибиз тарабынан «Региондорду ɵнүктүрүү жана ɵлкɵнү санариптештирүү» жылы деп жарыяланып, анын алкагында Нарын шаарында да бир катар иш-аракеттердин планы бекитилген. Андыктан аймагыбызды ɵнүктүрүүдɵ ар бириӊиздер колдон келген салымыӊыздарды кошосуздар деген тереӊ ишеничтемин!

Баарыӊыздарга майрамдык маанай, аманчылык, бекем ден соолук, үй-бүлɵлүк бакубат турмуш каалайм. Эл-жерибизде тынччылык, токчулук, молчулук ɵкүм сүрүп, эгемен Кыргызстаныбыз, анын ичинде Нарын жергебиз ɵнүгүп-ɵсɵ берүүсүнɵ чын жүрɵктɵн тилектешмин!!!»

Share

Добавить комментарий