НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН ЭНЕЛЕР КҮНҮНѲ АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

«Майрамыңыздар менен урматтуу өмүр шамы, жашоо  тиреги болгон ыйык Энелер!

Сиздерди май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнү менен Нарын шаардык мэриясынын жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана башымды ийип таазим кылам!

Аялзаты-эне болуу бактысына ээ болгондугу менен бактылуу, ажарлуу, мээримдүү жана сүйкүмдүү.

Энелер бизге эӊ кымбат нерсе болгон-жарык дүйнɵнү, жашоону тартуулашкан.  Дүйнөдө Энелер бар үчүн адамзатынын тукуму уланып, наристелер балалык бакыттын даамын татып келет. Апаларыбыздын ак сүтүнөн наар алып, «алдей» ырынан дүйнөнү таанып, эч кимде жок мээримине бөлөнүп, адам катары, инсан катары калыптанганбыз.

Эненин сүйүүсүндɵй күчтүү, таза, туруктуу сүйүү жок. Энелер өзүнүн баласы үчүн отко күйгөнгө, сууга чөккөнгө, керек болсо өзүнүн жүрөгүн сууруп бергенге даяр башкача жаралган жан. Мусулман элинде «Эненин баскан жери бейиш» деп бекеринен айтылбаган чыгаар.

Эненин бир мүнөттүк толгоосун, кирпик какпай өткөргөн бир түндүк мээнетин, бир тамчы ак сүтүн акташ үчүн өмүр бою карызбыз.

«Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат» дегендей, Каныкейдей, Курманжан даткадай акылгөй, сабырдуу, кең пейил, көсөм энелерибиздин таасири менен кыргыз эли кыйын күндөрдө мамлекеттүүлүгүн, улуттук ар-намысын жоготпой, кылымдарды карыта жашап келген. Бүгүн да андай апаларыбыздан,  уучубуз куру эмес. Алар үй-бүлөсүнүн гана жарыгын жандырып, балдарына тарбия берүү менен чектелбей, коомубуздун ар кыл тармактарында эмгектенүү менен өлкөбүздүн, шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө, улуттук нарк-насилибиздин муундан муунга улануусуна татыктуу салымдарын кошуп келишет.

Дүйнө  жүзүндөгү көп өлкөлөрдө буга чейин эле Энелер күнү майрамдалып келсе, Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары жыл сайын белгилене баштаганы кубандырат.

Энелердин статусун жана ролун жогорулатуу, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн абалына жалпы коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен түзүлгөн бул майрамдын мааниси зор экендигин дагы бир ирет баса белгилеп кетмекчимин!

Мен сиздерге эч нерсеге алмаштыргыс энелик мээримиӊиздер, дүйнɵгɵ тирек болгон асылзаада касиетиӊиздер, түмɵн түйшүктүү талбаган мээнетиӊиздер үчүн тереӊ ыраазычылык билдирем!

Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун! Жүзүңүздөрдөн бакыттын нуру тɵгүлүп, жүрɵгүӊүздɵр адамзатына ар дайым жылуулук, сүйүү тартууласын! Балдарыңыздардын урмат-сыйына бөлөнүп, ден соолукта, бакубат, узак өмүр сүрүңүздөр! Ар бир күнүӊүздɵр кубаныч, майрам менен коштолсун!»

 

 

Share

Добавить комментарий