НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

“Урматтуу Нарын шаарынын тургундары! Кадырлуу мусулмандар!

Сиздерди Нарын шаардык мэриясынын жана ɵзүмдүн атымдан дүйнɵнүн тɵрт тарабындагы мусулман элдери кубануу менен тосуп алган касиеттүү Ыйык Курман Айт майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Курман Айт-адамзат тарыхындагы гумандуулуктун жана Жаратканга сыйынуунун улуу майрамы. Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн ушул күнү мал жандыгы курмандыкка чалынат. Бул жөрөлгө мусулмандардын жүрөгүндөгү Жаратканга болгон терең ишенимин бекемдейт.

Ыйык Курман Айт ар бир мусулмандын жан дүйнɵсүн тазартып, ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккɵ, кеӊ пейилдүүлүккɵ, меймандостукка үндɵйт. Бул майрамдын келишин мусулман эли ар дайым чыдамсыздык менен күтүп, илгери үмүт менен тосуп алышат.

Курман Айт араздашкандарды жараштырып, таарынычтарды кечирип, пейилдерди тазалап, ынтымак, биримдик алып келет. Бул күнү бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл болот.

Урматтуу момун мусулмандар! Баарыӊыздардын Курман айтыӊыздар маарек болуп, Алла Таалам ак ниетиңиздерди, аруу тилектериңиздерди кабыл кылсын! Эл-жерибизге, ɵлкɵбүзгɵ тынчтык, ынтымак, ырыскы-кут уялаган бейпил жашоону насип этсин!

Жалпыңыздарды акыркы мезгилде өлкөбүздө болуп жаткан ар кандай толкундоолорго, жагымсыз жагдайларга сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырам! Мекенибиздин бүтүндүгү, элибиздин эсендиги ар бирибиздин жасаган аракетибизден, жүрөгүбүздөгү ыйманыбыздан көз каранды экенин унутпайлы!

Ар бир үй-бүлɵгɵ аманчылык, ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Карыларыбыз кадырлуу, жаштарыбыз ыйман-адептүү болуп, эл-журтубуз ɵнүгүп-ɵсɵ берсин!

Айтыӊыздар маарек болсун!!!”

Share

Добавить комментарий