НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевдин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №520-буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Эмилбек Алымкуловду кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйрук менен Нарын облусунун коомчулугун тааныштырды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун Нарын облусуна сиңирген эмгеги, жасаган иштери, бийик адамкерчилиги баса белгиленип, жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Ошондой эле жаңы жетекчиге ийгилик жолдонду.

Share

Добавить комментарий