Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгы менен шаар тургундарын куттуктады

IMG_5798Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!

Бүгүн биз апрель окуясында шейит кеткендерди эскерүү жана элибиз эркиндигин тастыктаган күндү белгилɵɵ максатында чогулуп отурабыз. Учурдан пайдаланып баардыгыңыздарды Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгы менен куттуктаймын!

2005-жылдын 24-мартындагы революциянын талаптары аткарылбай, кийинки бийлик элдин ишенимин актабагандыктан, 2010-жылы эл кайрадан үй-бүлөлүк кландык системага каршы кɵтɵрүлүп, башкы күч жана бийлик бул — эл экени далилденди. Бирок бул жеңиш өтө кымбатка турду. Анткени, кырчындай болгон бейкүнөө 90го чукул мекенчил азаматтарыбыздын өмүрү кыйылган.

Алардын жаркын элеси  биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашайт жана  эрдиктери эч качан унутулбайт. Ушул кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз демократиялык коом куруу боюнча үзүрлүү аракеттерди кɵрүп, өнүгүү жолундагы мамлекетке, ал эми элибиз сабырдуу, күчтүү, келечекке багыт алган коомго айланып келе жатат.

Урматтуу теӊиртоолуктар! Биз апрель революциясынын максаты болгон адилеттүү, өнүккөн ɵлкɵнү курууга  милдеттүүбүз жана курман болгон эр азаматтардын жаркын элестерине таазим этип, шаарыбызды, ɵлкɵбүздү ɵнүктүрүүгɵ, биримдикти жана ынтымакты чыӊдоого татыктуу салымыбызды кошууга чакырамын.

Баарыңыздарга тынч, берекелүү заман, бакубат турмуш каалаймын!

Share

Добавить комментарий