Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу РТС аймагынан башталды

9-мартта, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун шаардын эли менен жолугушуусу алгач РТС аймагынан башталды. Эл менен жолугушуу аталган аймактагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин имаратында өткөрүлдү.

Жыйындын башында мэр Э.Алымкулов 2017-жылда шаарда ишке ашырыла турган чакан инфраструктуралык долбоорлор, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана шаарды ирээтке келтирүү боюнча бир катар милдеттерге токтолду.

Ошондой эле аталган аймактын жашоочулары буга чейин мектепте спорт зал жоктугун, кышкы мезгилде дене тарбия сабактарын өтүүдө кыйынчылыктар жаралып келээрин жана ашкана маселесин айтып келишкен. Бул боюнча шаар башчысы №9 А.Садыков жана №10 Ж.Чолпонбаев орто мектептери республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизилгенин маалымдап, РТСке спорт залы жана ашканасы менен заманбап мектеп салынаарын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө аймак эли ички көчөлөргө шагыл төктүрүү,  жол жээгине тротуар жаткыруу, электрэнергиясы,  жол белгилери  жана башка көйгөйлөр боюнча суроолору менен кайрылышты. Ар бир суроого шаар башчысы жана тиешелүү мекеменин жетекчилери тарабынан жооптор берилди.

Мындан сырткары, мэр мал баккан жашоочулар көбүн эсе ушул аймакта жашаарын белгилеп,  малдар таштанды салган контейнерлерди чачып шаардын көчөлөрүндө жана  сейил  бактарда  жүрүүсүнө мал ээлери кайдыгер мамиле жасап жатканын айтып, мындай көрүнүштөргө тыюу салынып, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди.

Жыйындын соңунда мэр айтылган сунуш-пикирлер, көйгөйлөр боюнча тапшырмалар берилип, иш алып барылаарын айтып, шаар тургундарын шаарды ирээтке келтирүү, тазалоо боюнча жүрүп жаткан иш-аракеттерге, алдыда чөлкөмдөр арасында өткөрүлө турган сынактарга активдүү катышып берүүлөрүн чакырды.

IMG_4769 IMG_4771 IMG_4773 IMG_4775 IMG_4776 IMG_4780 IMG_4783 IMG_4791 IMG_4792 IMG_4793

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий