НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Э. АЛЫМКУЛОВДУН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

«Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган, Баткен коогалаӊынын ардагерлери, аскер кызматкерлери! Мекенибиздин бүгүнкү жана келечектеги коргоочулары!

Сиздерди  23-февраль-Ата Мекенди коргоо күнү менен Нарын шаардык мэриясынын жана ɵзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Ѳлкɵбүздүн бүтүндүгү, элибиздин бейпилдиги, мекенибиздин тынчтыгы үчүн сиздердин эмгегиӊиздер зор экендиги талашсыз.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган, Баткен коогалаӊынын ардагерлеринин мекен үчүн жасаган эрдигин тарых барактары ар качан эскертип турат. Ардагерлерибиз бүгүн да жаш муундарды  тарбиялоодо чыныгы мекенчилдиктин үлгүсүн кɵрсɵтүп келишет.

Мекенибизди коргоодо мырзалар гана эмес кыздарыбыз да татыктуу салымдарын кошуп жатышкандыгын баса белгилеп кетмекчимин.

Майрам алдында бардык мекен коргоочуларыбызга бекем ден соолук, узак ɵмүр, бакубат жашоо каалайм!

Ата Мекен жана эл алдындагы жооптуу ишиӊиздерди ийгиликтер коштоп, үй-бүлɵӊүздɵр менен аман-эсен болуӊуздар!

Ѳлкɵбүздɵ ар дайым тынчтык, ынтымак ɵкүм сүрүп, асманыбыз ачык болуп, эл-жерибизде бейпил турмуш улана берсин!»

Сиздерди тереӊ урматтоом менен

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов.

 

 

Share

Добавить комментарий