2017-жылдын 27-ноябрынан тартып 4-декабрына чейин Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимовичтин Нарын шаарынын 5 чөлкөмүнүн эли менен кезектеги жолугушуулары болуп өттү.
Аталган жолугушууларда шаардын мэри элге 2017-жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берүү менен келерки жылга пландалган жумуштар тууралуу айтып берди. Андан сырткары, 2017-жылдын жаз айында болгон жолугушууларда шаардын тургундары тарабынан берилген суроолор, айтылган сунуштардын аткарылышы боюнча да кеңири маалымат берип өттү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө шаардын тургундары көйгөй жаратып жаткан маселелер боюнча суроолорду узатып, аларга шаардын мэри, шаардын депутаттары жана шаардык мекеме, ишканаларынын жетекчилери тарабынан жоопторду ала алышты. Дароо чечилбей турчу маселелер протоколго түшүрүлүп, аларды аткарууга жооптуулар жана аткаруу мөөнөттөрү аныкталып, атайын иш-чара кабыл алынып, анын аткарылышы мэр тарабынан жеке көзөмөлгө алынды. Чукул арада чечүүгө муктаж болгон маселелер боюнча жеринде барып көрүүлөр жүргүзүлүүдө, айрымдары аткарууга жетишилди.