Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун эл менен жолугушуулары уланууда

11-март ишемби күнү Москва аймагынын тургундары менен жолугушуу №7 М.Сыдыков орто мектебинин имаратында өттү. Алгач шаар башчысы аймак жашоочуларына алдыда жасала турган иштер боюнча маалымат берип, ар бир чɵлкɵмдɵ ɵткɵрүлүп жаткан жолугушуулардын максаты -кɵйгɵйлɵрдү угуу, аларды чечүүнүн жолдорун издɵɵ экендигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндɵ шаардын тазалыгы, таза суу, канализация, жол маселелери, мыйзамсыз курулуштар, арыктар, ипотекалык турак-жайлар  боюнча жана башка кɵйгɵйлɵр бар экендиги айтылды.

Шаар башчысы жыйында шаардын көчөлөрүнө кароосуз айдап жиберип парктарды, скверлерди жана башка корулуучу жайларды тебелетип, бак-дарактарды сындырган, көчөлөрдү жана аллеяларды булгап, тиричилик таштандыларында жүргɵн малдардын ээлерине кайрылып, малды жайкысын жайлоого чыгарууга же шаардын сыртына кайтарып багууга, жыл бою шаарда баккандар малды короого кармап багууларына чакырды.

“Энелерибиз жакшы билет, эне эмне менен тамактанса ошол нерсе сүткө кандай таасир берерин. Ал эми таштанды жеген уйдун сүтүн саап ичкендер анын зыян экендигин билеби? Көчө бойлоп ыплас нерселерди жеп жүргөн уйлардан ар кандай оорулар жугушу ыктымал, ошондуктан урматтуу шаарыбыздын жашоочулары, сиздерге кайрылат элем, кошуна-колоң, тууган-туушканга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам бериңиздер. Шаардыктар жана шаардын коноктору эс ала турган жайларда малдар жайылып жүрсө анан кайдагы таза шаар жана туризм жөнүндө айтабыз” деди шаар башчысы жолугушуунун жүрүшүндө.  Жана шаардын аймагында мал кармап багуучулардын милдеттерин, мал  багуунун  санитардык — гигиеналык шарттарын туура сактоону эскертти.

Ошондой эле Э.Алымкулов  эл менен жолугушуулар мындан ары ар бир квартал сайын өткөрүлүп тураарын билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 17-мартында саат 17-00 ДСУдан Жаңы-Жолго чейинки аймактын жашоочулары менен №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинде жана 18-мартта саат 11-00Жаӊы Жолдон Ак-Кыяга чейинки аймактын жашоочулары менен Лицей-интернаттын имаратында шаар башчысы менен жолугушуулар өтөт.

IMG_4970 IMG_4971 IMG_4977 IMG_4978 IMG_4979 IMG_4981

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий