Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун 8-Март Аялдардын Эл аралык майрамына карата куттуктоосу

Ардактуу энелер,  эжелер, карындаштар, асылзаада айымдар!

IMG_4252Сиздерди, эң жарык маанайлуу майрам болгон Аялдардын эл аралык күнү – 8-март майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктаймын!

Жаз менен кошо кирип келген ушул күнү адамзаттын татынакай бөлүгү, көркү  болгон аялзатын даңктап, урматтап, көңүлүбүздөн чыккан эң жагымдуу сөздөрүбүздү арнап келебиз.

Аялзат — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.

Элибиз эзелтеден аялзатына – очоктун сактоочусуна өзгөчө аяр мамиле жасап, алардын туруктуулугуна жана чыдамкайлыгына, акылгөйлүгүнө жана түшүнүктүүлүгүнө терең таазим этип келген. Мына бүгүн да, жарашыктуу жаз айындагы ажарлуу майрам күнү – биздин сүйүктүү айымдарыбыздын эң жакшы сапаттары үчүн ыраазычылык билдирип, кɵӊүлүн кɵтɵрүп коюу ар бир эркектин парзы.

Бүгүнкү күндө элибиздин турмушу жеңил эмес. Аялдар эркектер менен тең катар турмуш түйшүгүн өз мойнуна алып, үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына кам көрүп жаткан учуру.

Жашоо-турмушуңуздардагы эң кымбат жана теңдешсиз дөөлөт болгон чың ден соолукту каалап кетээр элем. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылуу жылмаюу кетпей, ойлогон ой — максатыңыздардын ишке ашышына тилектешмин.

Share

Добавить комментарий