Бүгүн, 13-ноябрда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов атайын сый визити менен келген АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана башка меймандарды ɵзүнүн иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Кабыл алуу таанышуу форматында өтүп, биринчи жолу Нарын шаарына келип жаткан АКШнын ɵкүлдɵрүнɵ шаардын георгафиялык абалы тууралуу кыскача маалымат берилип, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги приоритеттери, чакан жана ири долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүп жаткан эл аралык уюмдар, эл аралык кызматташуулар туурасында шаар башчысы Э.Алымкулов токтолуп өттү.
Ал эми жолугушуунун жүрүшүндө, орус тилинде эркин сүйлөгөн АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер шаардын өнүгүүсү боюнча алдыга койгон мэрдин пландары, орун алган көйгөйлүү маселелер, шаардагы Америкалык борборлор тууралуу жана башка кызыккан суроолорун берип жатты.
Маектин соңунда Нарын шаарынын мэри эки элдин ортосундагы достуктун белгиси ирээтинде кыргыз жеринин кооздугун чагылдырган сүрөттү меймандарга эстеликке тартуу кылды.