НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Э.АЛЫМКУЛОВ АРДАГЕРЛЕРДИН ҮЙЛӨРҮН КЫДЫРЫП КУТТУКТАДЫ

Улуу Жеӊиш күнүн утурлай, 8-майда, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов салтка айланып калгандай, согуштун ардагерлери 94 жаштагы Т.Токтомушевдин жана 96 жаштагы К.Абдиевдин үйлɵрүн кыдырып, жылуу сɵздɵрүн, каалоо тилектерин айтуу менен бирге, ак калпак кийгизип, материалдык колдоо көрсөтүү максатында 3 миң сомдон акча каражатын тапшырды.

Ѳз кезегинде ардагерлер орден, медаль толо тагылган костюмдарын кийип, шаар жетекчилигинин дал ушул күнү адаттагыдай келүүсүн сезгенсип, үй-бүлɵсү, бала-бакыралары менен толкунданып кабыл алышты.

Согуш маалындагы жашоону кɵз алдына элестеткен аталарыбыз, Жеңиштин баасын жана бул тынч күндүн баркын ɵсүп келе жаткан муунга айтпай кетүү мүмкүн эместигин белгилешип, алакан жайып, ак батасын беришип, тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми мэр, ансыз да күндɵн күнгɵ арабыздан саны суюлуп бараткан, бизге тынчтык жашоону алып келген ардактуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, кажыбас кайрат жана узак ɵмүр сүрүүлɵрүн каалады.

18300924_1825909911072019_3450180359391820880_n 18300936_1825907377738939_8970715364483436198_n 18301323_1825912974405046_1691659566913516406_n 18301427_1825907284405615_7458623802600875321_n 18301470_1825908357738841_2973623726531323818_n 18301721_1825909931072017_2889484790572496693_n 18301859_1825906507739026_6718550372312628076_n 18341650_1825909757738701_5263989697355829685_n 18342067_1825907281072282_8265465131553858028_n 18402742_1825908247738852_999266765141211562_n 18403327_1825906157739061_2740168927103774953_n

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий