Калкты мобилизациялоого ардагерлер таасирдүү салымын кошо алат, — мэр Э.Алымкулов

Бүгүн, 14-февралда шаар башчысы Э.Алымкулов Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардагы ардагерлер Кенеши, аксакалдар соту, Афган, Баткен согуштарынын, ЧАЭСтин катышуучулары менен жолукту.

“Чакырганыбыздын негизги максаты, сиздер менен жакындан таанышып, бетме-бет отуруп шаардыктарга жашоо-тиричилик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча кеп-кеңештерди угуу жана алдыга коюлган милдеттер менен бөлүшүү болуп эсептелет”-деди мэр өз сөзүндө.

Климаттык шарты катаал Нарын жергесине инвесторлорду тартууда кыйынчылыктар бар экендигин белгилеп, шаардын бюджетинин тартыштыгынан айрым жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүдө каражат маселесине келип такалып калып жаткандыгын айтып өттү.

Ошондой эле элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ички жолдордун абалын оңдоп-түздөө, өзгөчө жаңы конуштардагы көчөлөрдү, жолдорду ирээтке келтирүү боюнча иш аракеттер көрүлүп, социалдык коргоого муктаж адамдарга мүмкүнчүлүккө жараша колдоолор көрсөтүлөөрү маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө ардагерлер тарабынан Шералиев көчөсүндөгү жолдун абалы начар болгондуктан, көпчүлүк унаалар борбордук көчөдө жүрүп тыгындарды жаратып жаткандыгы, шаардагы парктардын тазалыгы канааттандырарлык эмес денгээлде экендиги айтылды.

Мындан сырткары, шаарга кире бериштеги эки илбирстин ордуна элдер токтоп эс ала турган заманбап жай куруу, коомдук дааратканалардын санын көбөйтүү, чакан өнөр-жай ишканаларын ачуу, майда көчөлөрдө үйүлүп жаткан карларды чыгарууга техника жагынан көмөк көрсөтүү боюнча жана башка сунуштарын беришип, коомчулук менен жолугушууну шаар башчысы аксакалдардан баштап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалашты.

Жыйындын соңунда Э.Алымкулов суроолорго тийиштүү жоопторду берүү менен калкты мобилизациялоого ардагерлер таасирдүү салымын кошооруна тилектештигин билдирди. Белгилей кетсек, 2017-жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин шаар мэринин шаардагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулары өткөрүлүүдө.

IMG_3579 IMG_3580 IMG_3581 IMG_3584 IMG_3589 IMG_3591 IMG_3593 IMG_3594

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий