НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Э. АЛЫМКУЛОВ КУТТУКТАЙТ

12105981_109664366060316_309241427306301981_n

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган, Баткен коогалаӊынын ардагерлери,   мекенибиздин бүгүнкү жана келечектеги коргоочулары!

Сиздерди  23-февраль-Ата Мекенди коргоо күнү менен Нарын шаардык мэриясынын, шаардык Кеӊештин жана ɵзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Ѳлкɵбүздүн бүтүндүгү, элибиздин бейпилдиги, мекенибиздин тынчтыгы үчүн сиздердин эмгегиӊиздер зор, коомдогу ордуӊуздар бийик.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган, Баткен коогалаӊынын ардагерлери мекен үчүн кан-жанын аябай,  каармандык кɵрсɵтүшкɵн. Алардын эрдигин тарых барактары ар качан эскертип турат. Ардагерлерибиз бүгүн да жаш муундарды  тарбиялоодо чыныгы мекенчилдиктин үлгүсүн кɵрсɵтүп келишет.

Мекенибизди коргоодо мырзалар гана эмес кыздарыбыз да татыктуу салымдарын кошуп жатышкандыгын баса белгилеп кетмекчимин.

Андыктан бардык мекен коргоочуларыбызга бекем ден соолук, узак ɵмүр, бакубат жашоо каалайм!

Ата Мекен жана эл алдындагы жооптуу ишиӊиздерди ийгиликтер коштоп, үй-бүлɵӊүздɵр менен аман-эсен болуӊуздар!

Ѳлкɵбүздɵ ар дайым тынчтык, ынтымак ɵкүм сүрүп, асманыбыз ачык болуп, эл-жерибизде бейпил турмуш улана беришине тилектешмин!!!

Сиздерди тереӊ урматтоом менен

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов.

 

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий