Нарын шаарынын мэри Э. Алымкулов Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеӊешинин мүчɵлɵрүн кабыл алды.

IMG_6742_result

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеӊеши Кыргызстандагы 2000ден ашык адвокаттардын кызыкчылыктарын жана жарандык укуктарын коргогон  профессионалдык коом.

22-январда Адвокаттар Кеӊешинин тɵрагасы Билим Райымкулов баштаган расмий топ шаар мэри менен жолугушуп, тыгыз кызматташуу боюнча расмий сүйлɵшүүлɵрдү жүргүздү. Баарлашуу учурунда Кеӊештин мүчɵлɵрү Нарын шаарындагы адвокаттарда имарат маселеси кɵйгɵлүү экенин билдиришти.  Э. Алымкулов бул жагынан колдоо кɵрсɵтүүнүн жолдору караштырылаарын айтты. Ошондой эле мэриянын кызматкерлерин юридикалык окуудан ɵткɵрүп берүү жагын ɵтүндү.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий