НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Э.АЛЫМКУЛОВ ОКУУ ЖЫЛДЫН ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАШЫ МЕНЕН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

Бүгүн 25-майда, Нарын шаарыбыздын бардык орто мектептеринде «Акыркы коӊкуроо» салтанаты белгиленди. Бул күнү  шаар мэри Э.Алымкулов №7 М.Сыдыков атындагы  орто мектептин салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чаранын жүрүшүндɵ шаар мэри окуу жылдын ийгиликтүү аякташы менен мугалимдердин жалпы жамаатын, окуучуларды, ата-энелерди, бүтүрүүчүлɵрдү куттуктады.  “Биз улуулар, силерге каалоо-тилектерибизди билдирүү менен бирге акыл-насаатыбызды айтып, турмуш жолуңарга багыт берип, жакшы сөзүбүздү айтып кетүүгө милдеттүүбүз. Каалаган ой-максаттарыңар ишке ашсын, элибиз-жерибиз, мамлекетибиз үчүн ак кызмат өтөгөн атактуу инсандардан болгула” деген тилектерин жолдоп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Ошондой эле окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн № 7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин беш окуучусу, ар бири,  бир миӊ сом ɵлчɵмүндɵ, мэрдин стипендиясы менен сыйланышты. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында аталган  мектептин 2 окуучусу А.Джаанбаева жана К. Медетбекова “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Мындан сырткары, салтанатта мектеп директору үстүбүздɵгү окуу жылдын ичинде мектептин жетишкен ийгиликтерине  кенен токтолуп, окуучулардын ар кандай сынактарга барып келүүсүнɵ материалдык жардам кɵрсɵтүп жаткан  Нарын шаардык мэриясына ыраазычылык билдирди. «Акыркы коӊгуроо» аземи окуучулардын ыр, бийлери менен коштолуп, мектепти 20, 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлɵрдүн куттуктоолору менен улантылды.

Маалымат үчүн айтсак, Нарын шаарында быйылкы окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектептерде 11-классты аяктап жаткан окуучулардын саны-403, ал эми 9-классты 576 окуучу аяктоодо. Окуу жылдын жыйынтыгы менен 37 окуучу мэрдин стипендиясына татыктуу болушса, олимпиадада окуучулары алдыӊкы орундарды камсыз кылган 21 мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

IMG_8006 IMG_8007 IMG_8011 IMG_8013 IMG_8022 IMG_8027 IMG_8032 IMG_8033 IMG_8035 IMG_8036 IMG_8041 IMG_8050 IMG_8053 IMG_8059 IMG_8062 IMG_8063 IMG_8064 IMG_8065 IMG_8075

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий