НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Э.АЛЫМКУЛОВ ТҮРК ТИЛДҮҮ ӨЛКӨЛӨРДҮН ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн 20-сентябрда, шаар мэри Э.Алымкулов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) өкүлдөрүн кабыл алды. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Башкы катчысы Асанов Жандос Ануарович баштаган делегация атайын иш сапары менен Нарын шаарына келип, шаар башчысы Э.Алымкулов менен анын иш бөлмөсүндө таанышуу ирээтинде жолугушуп, баарлашышты.

Алгач Э.Алымкулов Нарын шаарынын географиялык абалы, тарыхы, негизделиши, учурдагы социалдык-экономикалык абалы тууралуу кыскача маалымат берип, жакында белгиленген Нарын шаарынын күнүнө чет мамлекеттерден келген туристтердин саны арбын болуп, нукура кыргыз каада-салттарын, маданиятын карманган нарындыктар аны татыктуу денгээлде өткөрүп алганыбызды белгилеп өттү.

Ал эми ТүркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов Нарын облусунун таза абасы, бийик тоолору жана шар аккан тунук суулары – эң негизги суктандырган байлыктар экендигин айтып, Нарын жергесинин кооздугу жана элинин меймандостугу башка жерлерден айырмаланып тургандыгын белгиледи..

Ошондой эле Башкы катчы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы 2008-жылы 21-ноябрда Туркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин парламент башчылар тарабынан кол коюлган макулдашуусуна ылайык түзүзүлгөн, ага төрагалык кылуу жыл сайын төрт өлкө арасында англис тилинин алфавиттик тартипте ротация аркылуу өткөрүлүп тургандыгы боюнча маалымдап өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Нарын шаары бир катар мамлекеттин шаарлары менен достук мамилелерин жүргүзүп келет. Коомдук башталышта КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгынын союзуна төрагалык кылып келем, шайлангандан бери Россиянын шаарлар бирикмеси менен кызматташуу боюнча макулдашуулар тузүлдү, республикабыздын башка шаарлары менен катар Нарын шаары да аталган өлкөнүн шаарлары менен ар кайсыл тармакта кызматташа алат. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын ири эл аралык уюм катары ордуңуздар абдан чоң, Сиздердин көмөгүңүздөр аркылуу түрк тилдүү мамлекеттердин шаарлары менен алакаларды түзсөк деген ойлорубуз бар” деген ой- пикирин шаар мэри Э.Алымкулов билдирди.

Ж.Асанов ассамблеянын негизги максаттары өлкөлөр арасында саясий диалогтун өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү; түрк тилдүү өлкөлөр арасында жана региондун башка өлкөлөрү менен тең пайдалуу жана тен укуктуу кызматташууга жардам көрсөтүү; маданий мурастын жана тарыхтын, искусствонун, адабияттын жана башка тармактардын баалуулуктарын сактоого жана келечек муунга өткөрүп берүүгө багытталган сунуштамаларды кабыл алуу; тараптар арасындагы саясий, социалдык-экономикалык, маданий, гуманитардык, укуктук жана башка байланыштарды өнүктүрүүдө жардам көрсөтүү болуп саналаарын келтирип, маанилүү маданий-массалык иш-чараларды уюштурууга колдоолор көрсөтүлө турганын айтты.

Шаар башчысы региондорду кыдырып, анын ичинде Нарын шаарына да маани берип, баш баккан уюмдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Жылуу маанайдагы баарлашуу меймандарга сувенирлерди тапшыруу менен аяктады.

IMG_1987 IMG_1989 IMG_1994 IMG_1995 IMG_1996 IMG_1997 IMG_2000 IMG_2002 IMG_2005 IMG_2008 IMG_2010

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий