Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов шаардагы аялдар Кеңеши, активист, лидер аялдар, эмгектин ардагерлери, баатыр энелер менен баарлашып, пикир алмашты

Бүгүн, 14 –февралда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов шаардагы аялдар Кеңеши, активист, лидер аялдар, эмгектин ардагерлери, баатыр энелер менен баарлашып, пикир алмашты.

Аялдар коомдо зор күч экендиги талашсыз, сиздердин көз карашыңыздар менен караганда Нарын шаарында кандай көйгөйлөр  орун  алган, шаарды жакшыртуу, көрктөндүрүү боюнча кебиңиздерди, сунуш-пикирлериниздерди чогуу уксак деген ойдомун деп билдирди шаар башчысы Э.Алымкулов.

Жыйынга катышкан  лидер аялдар, эмгектин ардагерлери да четте калбай шаарда оорчундуу деп эсептелген көйгөйлөрдү чекесинен санап кетишти. Алардын арасында шаарда башаламан илинген көрнөк-жарнактар, жаңы конуштарда инфраструктуранын жоктугу, көчөлөрдүн аттары так эмес болгондуктан тез жардам кызматы даректерди таппай кыйынчылык жаралып жаткандыгы, бул кышта турак-үйлөргө жылуулуктун тийиштүү денгээлде берилбегендиги, шаар тургундарынын тазалыкка болгон кайдыгер мамилеси жана башка маселелерди келтиришти.

Муну менен бирге эле кварталдык комитеттердин ишин жандандыруу, майда көчөлөрдү жарыктандыруу, ирригациялык системаны калыбына келтирүү, көп-кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн бирдей типте жасалгалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча мекеме, ишканалар арасында шыктандыруучу сынактарды өткөрүүнү сунушташты.

Жаз алды менен тазалыкка байланышкан атайын акцияларды, көчө майрамдарын уюштуруп, бак-дарактарды отургузууда көбүнчө ийне-жалбырактууларга басым жасоонуу, тазалыкты сактабагандарды телевидениеден көрсөтсө жакшы болоор эле деген ойлорун билдиришти.

Айтылган сунуштар боюнча Э.Алымкулов тапшырмалар берилип, иш жүргүзүлөөрүн белгилеп, алдыда инвест-форумга даярдыктар көрүлүп жаткандыгын маалымдап өттү. Ошондой эле быйылкы жылы С.Орозбак, Токтосунов көчөлөрүндөгү, Нарын облустук төрөт үйүнө бараткан жолдор асфальтталаары белгилүү болду.

“Нарын облусунун борбору Нарын шаарынын статусун көтөрүү аракетин чогуу көрөлү, шаарыбыздагы бардык коомдук уюмдарды кызматташууга чакырат элем”-деп билдирди мэр жыйындын соңунда.

IMG_3599 IMG_3601 IMG_3602 IMG_3604 IMG_3606 IMG_3611 IMG_3612 IMG_3613 IMG_3615

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий