Нарын шаарынын РТС аймагында жасалуучу иштер

Облус жана шаар башчыларынын шаарды кыдыруусу учурунда Теке-Секирик аймагына эс алуучу жай куруу, Шаркыратманын суусу түшкɵн арыктардын абалын оӊдоо, РТС аймагындагы курулуштарды, жол боюнда жайгашкан соода-сатык дүкɵндɵрдүн сырткы кɵрүнүшүн ирээтке келтирүү жагы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ошондой эле   Нарын шаарынын РТС аймагындагы Б.Жапаралиев атындагы сейил бакка күнөскана куруу иштери пландалып жаткандыгына, күн жылышы менен сейил бактагы балдар ойноочу селкинчектер оӊдоп түзɵɵдɵн ɵткɵрүлɵɵрүнɵ шаардык жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси М. Токонов токтолду.

Анда жакында курулуш иштери баштала турган күнɵскананы салууга 500 миӊ сом акча каражаты талап кылынаары жана анын 200 миӊ сому Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлчүлүгү тарабынан берилип жатканы белгиленди.

Белгилей кетсек, РТС аймагын шефтикке алган «Хьюмэн Эппиэл Интернейшнл» коомдук фонду буга чейин бул аймактын айрым жерлерине таза суу чыгарып жардам кɵрсɵтүп келсе, эми «Теке-Секирикке» эс алуучу жайды куруу жана Шаркыратманын суусу түшкɵн арыктарды оӊдоп берүү жагын  колдошууда.

IMG_2015031249633 IMG_2015031250550 IMG_2015031251588 IMG_2015031252202 IMG_2015031253826 IMG_2015031254682 IMG_2015031255492 IMG_2015031256448 IMG_2015031257303 IMG_2015031259904

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий