Нарын шаарынын символикасы

Нарын шаарынын герби

Нарын шаарынын Герби

Нарын шаарынын гимни

Сөзү: Э.Ибраев
Обону: Т.Актанов

Ай жаркын, күнүүң күлгөн асманыңда

Шумкарың шукшурулган аскарында,

Калкайып карыларың сакал сылап

Каруу бар тоо томкорор жаштарыңда

Абасы кымыз жыттанган,
Ак мөңгү кемер курчанган
Нарыным алтын бешигим
Ай менен күндөн кут тамган.

Жерим кооз, абам таза, суум мүрөк,

Дем берип, демөөөр болуп кайрап, бүлөп
Теңир-Тоом тулку боюм денем болсо
Нарыным каккан тамыр, соккон жүрөк

Абасы кымыз жыттанган,
Ак мөңгү кемер курчанган
Нарыным алтын бешигим
Ай менен күндөн кут тамган.
Кен Жумгал, кара Кочкор капталында
Ат-Башың, Ак-Талааң бар арт жагында,

Туруна бакыт конуп ырыс түнөп,

Турбасын ала булут асманыңда.

Абасы кымыз жыттанган,
Ак мөңгү кемер курчанган
Нарыным алтын бешигим
Ай менен күндөн кут тамган.
Эли бар ата салтын ыйык туткан
Ак пейил намсыка бек сыйчыл кутман

Жашай бер, жашара бер жаңыра бер

Шанданып шамдай жанып күн чыгыштан.

Абасы кымыз эыттанган,
Акмөңгү кемер курчанган
Нарыным алтын бешигим
Ай менен күндөн кут тамган.

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Комментирование запрещено