НАРЫН ШААРЫНЫН ЧЫГЫШ АЙМАГЫНА ТРОТУАР САЛЫНУУДА

Шаардын РТС чөлкөмүндө көп жылдардан бери көйгөй болуп келген тротуар маселеси чечилип, мектептин тушунан чыгышты карай 350 метр жерге таш таман төшөлө баштады.

Бул иш дагы республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу жүзөгө ашууда. Долбоордун жалпы баасы 1 миллион 267 миң сомду түзөт. Анын ичинен 511 миң 216 сому өздүк салым катары Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилди.

Курулуш ишин “Булан-строй” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат. Тротуар четиндеги арыктары менен кошо бүткөрүлөт.

Share

Добавить комментарий