Нарын шаарынын Шаркыратма аймагындагы жашоочулардын кайрылуусунан улам көпүрө оңдолду. Нарын шаардык мэриясы аталган аймактын көпүрөсүн бетон менен жаңыртып оңдоп берүү милдетин алып, бүгүн 31-октябрда мэр Р.Адиевдин жеке кɵзɵмɵлүндɵ кɵпүрɵ оӊдоо иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, бул аймактагы көпүрөнүн эскилиги жетип, жашоочулардын, ɵзгɵчɵ ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, ошондой эле унаалардын каттамындарын түйшүккө салып келген.