НАРЫН ШААРЫНЫН 150 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА УЮШТУРУЛГАН «ШААРЫБЫЗ-БААРЫБЫЗГА» АТТУУ МАРАФОНГО ЧАКЫРАБЫЗ!!!

Урматтуу теӊир тоолуктар, шаар тургундары, коомдук жана эл аралык, коммерциялык уюмдардын ɵкүлдɵрү, жеке ишкерлер, шаарыбызга кайдыгер карабаган кыргыз журтчулугу!

Жалпыӊыздарды Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан марафонго чакырабыз. Марафон үстүбүздɵгү жылдын 11-майында Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында саат 11. 00дɵ башталат.

Марафондун максаты Нарын шаарынын уюшулгандыгынын 150 жылдыгына карата шаардын инфратүзүмдүк долбоорлорун ишке ашыруу аракеттерин кɵрүү болуп саналат.

Андыктан учкан уябыз, жашап жаткан ыйык турагыбыз, облусубуздун борбору болгон Нарын шаарыбызды жакшыртуу үчүн уюштурулуп жаткан марафон ар бириӊиздерди кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз.

«Кɵп түкүрсɵ кɵл болот» дегендей, азбы, кɵппү жүрɵгүӊүздɵр менен кошкон салым шаарыбыз үчүн келечектүү долбоорлордун ишке ашуусуна ɵбɵлгɵ болмокчу!

Дилимдесиӊ, алтын уям-Нарыным,

Дем берейин, алга жылсын арымыӊ!

Дагы далай кылымдарды карытып,

Даӊктана бер, тереӊ жайып тамырыӊ!

 

Нарын шаардык мэриясы.

 

 

Марафондун реквизиттери:

ИНН:                            00902199910191

ОКПО:                          21847195

БИК:                              440501

Атайын эсеп:         4405011223000555

Код платежа:                14238900

Назначение:                 Марафон к 150-летию г. Нарын

Банк:                             Центральное казначейство

Баннер 6-4_result

                                

 

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий