Урматтуу алыскы жана жакынкы аймактарда турак алган жалпы кыргыз журтчулугу! Нарын шаарына кайдыгер карабаган атуулдар! Шаарыбыздын тургундары жана азиз меймандары!
Сиздерди 21-22-сентябрда белгиленүүчү Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чарага чакырабыз!
Маараке 21-сентябрь күнү саат 11.00дɵ М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында расмий ачылат.
Мындан соӊ 13.00дɵ «Ала-Тоо» стадионунда Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине арналган театралдаштырылган программа жана концерт тартууланып, «Нукура» фестивалы ɵткɵрүлɵт. Иш чарада облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын жамааттары тарабынан улуттук каада-салттардын үлгүлɵрү жана кыргыз элинин кол ɵнɵрчүлүгүнɵн жаралган нукура буюмдарды, улуттук тамак-аштын түрлɵрүн даярдоо ыкмалары кɵрсɵтүлɵт.
Андан кийин 14.00дɵ Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта шаардагы бардык билим берүү мекемелеринин аракети менен даярдалган «Нарын келечеги жаштарда» аталышындагы оюн-зоок программасы тартууланат.
Кечки саат 18.00дɵн 21.00гɵ чейин «Ала-Тоо» стадионунда Кыргызстандагы белгилуу эстрада жылдыздарынын жана жергиликтүү маданият кызматкерлеринин катышуусунда чоӊ программадагы концерт берилет.
Бул күнкү иш чара «Ала-Тоо» стадионунда майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталат.
Мааракелик иш чара эртеси күнү 22-сентябрда саат 10.00дɵ «Кур-Терек» ат майданында улуттук ат оюндары менен улантылмакчы.
Сүйүктүү шаарыбыздын 150 жылдык мааракесине күбɵ болуп, Нарын шаарынын басып ɵткɵн жолуна жана бүгүнкүсүнɵ сереп салып, майрамдык иш чарадан эргүү алып, эс алып кетиӊиздер!!!