Урматтуу теӊир тоолуктар, шаарыбызга кайдыгер карабаган кыргыз журтчулугу!
Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Шаарыбыз баарыбызга» аттуу марафонго катышып, шаарыбыз үчүн жүрɵгү менен салым кошкон бардык атуулдарга тереӊ ыраазылык билдиребиз.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгɵ карата марафон аркылуу жалпы 1 миллион 797 миӊ 988 сом чогулду. Мунун ичинен 1 миллион 152 миӊ 647 сом накталай, ал эми которуу жолу менен 645 миӊ 333 сом түштү.
Алдын ала маалымат боюнча марафон ɵткɵрүлгɵн күнү накталай жана которуу жолу менен 3,5 миллион сомдун тегерегинде каражат топтолоору болжолдонгон. Мындан сырткары шаардын Башкы планын иштеп чыгуу долбоору үчүн Ага Хан фондунан 4,5 миллион сом берилээри убада кылынса, 2 миллион сомдун тегерегинде дагы башка долбоорлорду каржылап беребиз дегендер болгон.
Каражаттарын которуу жолу менен беребиз дегендерге жана шаарыбызга дагы да болсо үлүшүмдү кошом деген жарандар үчүн марафондун банктык эсеби ачык экендигин маалымдайбыз.
Марафондун реквизиттери:
ИНН: 00902199910191
ОКПО: 21847195
БИК: 440501
Атайын эсеп: 4405011223000555
Код платежа: 14238900
Назначение: Марафон к 150-летию г. Нарын
Банк: Центральное казначейство
Марафон боюнча суроолор болсо Нарын шаардык мэриясына келип, же 5-14-36, 0706 16 16 63 номерлери аркылуу кайрылсаӊыздар болот.