НАРЫН ШААРЫНЫН 150 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА ВЕЛО ЖАРЫШ ѲТКѲРҮЛѲТ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары, вело спортун сүйүүчүлɵр!

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бɵлүмүнүн уюштуруусу менен вело жарыш ɵткɵрүлɵт.

Иш чарага жеке ишкерлер: Бакыт Жумагулов жана Самат Калидулдаев, ошондой эле «Бай түшүм», «Айыл» банктары, «Альфа телеком» уюлдук байланыш түйүнү демɵɵрчүлүк кылууда.

Вело жарыш 2018-жылдын 15-сентябрында саат 10.00дɵ Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталат. Катышуучуларды каттоо 14-сентябрда саат 17.00дɵ аяктайт.

Иш чараны уюштуруунун максаты Нарын шаарынын тургундарынын сергек жашоо мүнɵзүн калыптандыруу жана саламаттыгын чыӊдоо; калк арасында вело спортун кеӊири жайылтуу, калктын дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун ойготуу болуп саналат.

Вело жарышка 18 жаштан жогорку курактагы мырзалар жана айымдар ɵздɵрүнүн велосипеддери менен катыша алышат.

Мырзалар Т. Усубалиев атындагы борбордук аянттан Алыш айылына чейин велосипед менен барып, кайра борбордук аянтка марага келишет.

Ал эми айымдар борбордук аянттан РТС чɵлкɵмүнүн акыркы аялдамасына чейин барып кайра борбордук аянтка кайтышат.

Мелдеште 1-2-3-орундарды камсыз кылган жеӊүүчүлɵр демɵɵрчүлɵрдүн колдоосу менен даярдалган баалуу сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышат.

Спорттук иш чараны жогорку деӊгээлде уюшкандыкта ɵткɵрүү жагын кɵзɵмɵлдɵɵнү Нарын шаардык мэриясы жүргүзɵт. Ал эми жеӊүүчүлɵр Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бɵлүмү, балдар-уландар спорт мектеби бекиткен калыстар тобу тарабынан аныкталат.

Эскерте кетүүчү жагдай, каттоодон ɵтпɵгɵн спортчулар мелдешке киргизилбейт. Ошондой эле мелдеш учурунда ар бир катышуучу велосипед тебүү эрежесин сактоо менен ɵзүнүн коопсуздугуна ɵзү жооп берет.

Сурап-билүү телефондору: 0558 232 525, 0701 332 332, 03522 5-17-41, 0703 117 141.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

000028_1532517288_311698_big (2)

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Добавить комментарий