Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата шаардык мэриянын демилгеси менен «Теӊир-Тоо койнундагы шаар: кечээ, бүгүн жана эртеӊ» аталышындагы тарыхый китеп жарык кɵрдү.
Сыясы кургай элек бул басылма Нарын шаарынын негизделиши жана тарыхый ɵнүгүү этаптары, географиялык абалы жазылган биринчи кɵлɵмдүү китеп болуп калды.
Китепте тоо койнундагы шаардын падышалык Россия убагындагы, совет доорундагы жана эгемендик учурундагы социалдык-экономикалык ɵнүгүү жолу, шаардагы ар бир мекеме-ишкананын жаралуу, калыптануу, ɵнүгүү тарыхы, ага салым кошкон инсандар жɵнүндɵгү негизги маалыматтар камтылды.
Тарыхый китептеги материалдар жергиликтүү тарыхчылар, окумуштуулар, журналисттер, мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан такталып, топтолуп, киргизилди.
Китеп «Турар» басмаканасында 35,5 кɵлɵмүндɵгү басма табак менен 500 нускада басылып чыкты. Китепти басууга «Шаарыбыз-баарыбызга» аттуу марафондон түшкɵн каражаттын эсебинен 450 миӊ сом жумшалды.
Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов китептин бет ачарын жасап, китепти даярдоого салымын кошкон редколлегиянын жана редкеӊештин мүчɵлɵрүнɵ ыраазылык билдирди.
Ал ɵз сɵзүндɵ: «Китепти жазуудагы башкы максат-катардагы энциклопедиялык китептердей кылбай тарыхый маалыматтардын негизинде жазылган, бүгүнкү жана келечек муун кызыгуу менен окуй турган маалымат булагын жаратуу болчу. Максаттуу аракетибиз канчалык деӊгээлде жүзɵгɵ ашканын окурмандар жана мезгил таразалайт. Антсе да бул тарыхый китеп коомчулук үчүн баалуу маалымат булагы болуп калаарына ишенем» деген пикирин билдирди.