«НАРЫН ШААРЫН СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ ТУТУМДАРЫН РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО» ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ.

Бүгүн, 29-июнда Нарын шаарынын Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵгү суу түтүктɵрүн алмаштыруу жана канализация киргизүү жумушу башталды.

Бул ири курулуш иши Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү менен Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында жүзɵгɵ ашууда.

Долбоордун жалпы наркы 25 миллион еврону түзɵт. Ал эми баштапкы инвестициясынын наркы 5,2 миллион евро.

«Нарын суу-канал» ишканасынын башчысы Нурлан Максүталиевдин айтымында, долбоордун баштапкы инвестициясынын жумуштары 6 тендер менен ишке ашат. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча ɵткɵрүлгɵн тендерде «Минур» жана «Профит-экспресс» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканалары жеӊүүчү деп табылган. «Минур» ишканасы таза суу түтүктɵрүн алмаштырса, «Профит-экспресс» ишканасы канализация системасын орнотот.

Нарын шаарында үч аймакта: Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵ, Московский жана Чоӊ Алыш аймактарында жалпы 8,2 километр таза суу, 4,2 километр канализация түтүктɵрү реконструкцияланат. Бул иштерге 2,2 миллион евро жумшалат. Мындан сырткары үнɵмдɵлгɵн 1,8 миллион евро менен кийинки жылы болжол менен дагы ушундай эле кɵлɵмдɵгү жумуштар жасалаары пландалууда.

Курулуш ишинен сырткары инвестициянын эсебинен Нарын суу-канал ишканасына жаӊы кеӊсе, лаборатория салынып, заманбап техникалар, шаймандар, суу ɵлчɵгүчтɵр алынып берилмекчи.

Бүгүн Ж. Шералиев кɵчɵсүнүн батыш тарабына аталган курулуш ишканаларынын техникалары тизилип, Нарын шаарынын коомчулугунун жана жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн катышуусунда иш башталды.

Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов жана Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов башталган ишке ийгилик каалап, быйыл күзгɵ чейин сапаттуу кылып бүткɵрүп берүүнү ишканалардын жетекчилеринен ɵтүнүштү.

«Минур» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканасынын генералдык директору Нурлан Исмаилов «Долбоордун шарты боюнча курулуш эмдиги жылы бүтмɵк. Бирок кеч күзгɵ чейин негизги жумуштарды бүтүрүп берүүгɵ мүмкүнчүлүк бар. Ал эми кошумча жумуштарды кийинки жылы жасап берсек болот»,-деп билдирди.

Эске салсак, Нарын шаарындагы «Ак-Бечел» суу алуучу жайы 2 жыл мурда 85 миллион сомго реконструкцияланган. Бирок суу түтүктɵрүнүн эскилигинен улам толук кандуу пайдаланылбай келген. Эми суу-канализация системасы алмаштырылса башкы суу резервуарын толук пайдаланууга жана зарыл болгон аймактарга таза суу чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлмɵкчү.

36333293_2109474149319398_2992149341113679872_n_result 36359941_2109473185986161_3513033061988040704_n_result 36361672_2109473199319493_4026526016024346624_n_result 36367212_2109473122652834_4733805338950631424_n_result 36436145_2109473542652792_5519859700729905152_n_result

36436145_2109473542652792_5519859700729905152_n_result

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий