«НАРЫН ШААРЫН СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ ТУТУМДАРЫН РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО» ДОЛБООРУ БАШТАЛАТ.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү менен Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору боюнча жакынкы күндɵрдɵ иш башталат.

Долбоордун негизинде жасалуучу алгачкы жумуш-шаардагы Ж. Шералиев кɵчɵсүнүн алдындагы суу түтүктɵрүн алмаштыруу болуп саналат.

Бул маселе бүгүн, 6-июнда Нарын шаардык мэриясында ɵткɵрүлгɵн отурумда талкууланып, курулуш ишин баштоо тууралуу келишимге кол коюлду.

Жыйынга Швейцария элчилигинин Кыргыз Республикасындагы инфратүзүм боюнча улуттук координатору Патрик Майер, Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын ɵкүлү Нурлан Жумалиев жана Владимир Гавлик, Ярослав Фиала, Нияз Эсенбеков сыяктуу бир нече консультанттары, Нарын шаардык мэриясынын, «Нарын суу канал» ишканасынын кызматкерлери катышып, долбоордун фазалары, аткарылуучу жумуштар, тендерлер, иштин сапаттуулугу, каржы маселеси тууралуу иштиктүү сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүштү.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ɵз сɵзүндɵ: «Бул долбоор боюнча жолугушуу болуп атканына кубанычтамын. Себеби Нарын шаарынын эли долбоордун башталышын чыдамсыздык менен күтүп аткан. 2015-жылы ратификацияланган бул долбоордун жумуштары 2017-жылы эле башталмак. Шаардын жетекчиси катары кечигип атканынын себебин элге түшүндүрүү кыйын болуп атты. Бул Нарын шаарынын эли үчүн абдан чоӊ жана маанилүү долбоор. Ошондуктан бүгүнкү жолугушууда жемиштүү сүйлɵшүүлɵр болуп, биргелешкен аракетибиз менен долбоор ишке ашат деген ишеничтемин»,-деп билдирди.

Ал эми Швейцария элчилигинин Кыргыз Республикасындагы инфратүзүм боюнча улуттук координатору Патрик Майер мырза: «Нарын шаары биз үчүн маанилүү регион. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыралы деген максатта бул жерге келип олтурабыз. Бүгүн ишти баштоо боюнча алгачкы келишимге кол коюлганы турат. Бул прогресс болуп атканынын далили. Кечигүү болду. Бирок бүгүн иш улантылуу алдында турат. Мындан ары иш ыргагы үзгүлтүксүз болооруна ишенем»,-деп белгиледи.

Патрик Майер муну менен катар долбоор үч негизги компоненттен тураарын, алар: суу түтүктɵрүн реабилитациялоо; реабилитациядан кийин Суу канал ишканасына сапаттуу кызмат кɵрсɵтүүгɵ кɵмɵктɵшүү; суу пайдаланууда суу ченегичтерди коюу компоненттери экендигин билдирип, Швейцарияда суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга абдан чоӊ кɵӊүл бурулаарын жана Нарын шаарында да келечекте бул жагынан жакшы натыйжалар болоорун айтты.

Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын ɵкүлү Нурлан Жумалиев ЕБР 20 шаарда мындай долбоорлорду ишке ашырып жатканын,  тилекке каршы, мамлекеттик процедуралар, тендерлер, документация иштери убакытты кармап койгондуктан иш ыргагы белгиленген мɵɵнɵттɵн кечигип калганын айтып, кийинки жолугушууда бүткɵрүлгɵн иштин натыйжасын кɵрүү үчүн кездешебиз деген ишеничин билдирди.

Жолугушуу ийгиликтүү болуп, соӊунда суу түтүктɵрүн реабилитациялоо боюнча курулуш иштеринин тендеринин жеӊүүчүсү ОсОО «Минур» ишканасынын башкы директору Нурлан Исмаилов менен «Нарын суу канал» ишканасынын жетекчиси Нурлан Максүталиев ишти баштоо келишимине кол коюшту.

Белгилей кетсек,  «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун баштапкы инвестициясынын наркы 6, 2 миллион еврону түзɵт.

Анын ичинен Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын насыялык каражаты 2 миллион евро, ал эми Швейцария Ѳкмɵтүнүн гранты 3,2 миллион евро, эл аралык донорлордун гранты 1 миллион евро.

Долбоор үч фазадан турат. Буюрса жакында биринчи фазасынын курулуш иштери башталмакчы.

IMG_0879_result IMG_0881_result IMG_0883_result IMG_0907_result

IMG_0893_result

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий